Спикер УКМК төрагасынан Кара-Кой жайлоосунун жолун оңдоп берүүнү суранды
25 июнь

Спикер УКМК төрагасынан Кара-Кой жайлоосунун жолун оңдоп берүүнү суранды

Жогорку Кеңештин жыйынында спикер Нурланбек Тургунбек уулу Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кара-Кой жайлоосунун жолу начар абалда экенин айтып, бул жолду оңдоону сунуштады. Болгондо да жолду оңдоо боюнча суранычын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге багыттаганын билдирди.

«Жолдун узундугу 25 чакырымды түзөт. Акыбалы начар, асфальт төшөө керек. Бул боюнча тийиштүү органдарга тапшырма бердим. Бир саат мурда генерал Камчыбек Ташиев менен жолуктум, ага да кырдаалды айтып бердим. Ноокаттын жолун көп жыл бүтүрө албай жүргөнүбүздү билесиздер, президент Садыр Жапаров тапшырма берип, УКМК төрагасы аткарылышын көзөмөлүнө алгандан кийин гана бүттү. Азыр жолдун 28 чакырымында курулуш иштери жүрүп жатат. Аны менен кошо жолдун дагы 25 чакырымын бүткөрүп берүүнү Камчыбек Ташиевден сурандым. Ал жакын арада Кара-Койго барып келээрин айтты», – деди спикер.