Чүй облусунун аймагында «Бахус» аталышындагы рейддик иш-чара өтүүдө
5 апрель

Чүй облусунун аймагында «Бахус» аталышындагы рейддик иш-чара өтүүдө

Чүй облусунун аймагында «Бахус» аталышындагы рейдтик иш-чара өтүүдө. Рейдтин максаты мас абалында унаа башкарып бара жаткан жарандарды аныктоо алардын катышуусунда болгон жол унаа кырсыктарын алдын алуу жана аны менен бирге электросамокат, скутер, моторолердин катышуусунда болгон жол унаа кырсыктарын алдын алуу болтурбоо максатында дагы кызмат алынып барууда.

Рейдтин жүрүшүндө 2-күндүн ичинде Чүй облусу аймагында 20-айдоочу мас абалында унаа башкаргандыгы аныкталган. Айдоочуларына Кыргыз Республикасынын укук бузуулар Кодексинин 193-беренесине ылайык протоколу толтурулуп, унаалары убактылуу айып короо жайына токтотулган.

Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБгы жарандарга мас абалда болуп унаа башкарууга болбойт экенин эскертебиз.