
Нарын облусунун мурдагы башчысы Токмокко мэр болуп дайындалды
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Эргешов Алтынбек Калдарович Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Токмок шаарынын мэри болуп дайындалды.