«Жарнама жөнүндө» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр биринчи окууда колдоого ээ болду
25 июнь

«Жарнама жөнүндө» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр биринчи окууда колдоого ээ болду

Бүгүн, 25-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Жарнама жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды.

Мыйзам долбоордун демилгечилери – депутаттар М.Маматалиев, И. Кубанычбеков, С. Рустамбек улуу, Б.Марипов.

Мыйзам долбоору менен тааныштырган депутат Илимбек Кубанычбеков «Жарнама жөнүндө» мыйзамдын 16-беренесине толуктоо киргизүү сунушталып жатканын белгилеп, тиешелүү адистик боюнча жогорку билими жөнүндө документи жок, же тийиштүү кошумча кесиптик билими жөнүндө диплому жок адамдар тарабынан психологиялык кызмат көрсөтүүгө жарнама кылууга тыюу салуу каралууда деди.

Талкуу маалында депутат Таалайбек Масабиров мыйзам долбоорун колдоп, 18 жашка чыга элек балдардын, өспүрүмдөрдүн онлайн-казинолорду жарнамалоого катышуусуна тыюу салууну сунуштады. Депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоорунун нормаларын ишке ашыруу механизмдерин иштеп чыгууга чакырса, эл өкүлү Улан Примов мыйзам долбоорунда лицензиясы бар адистер гана психологиялык кызмат көрсөтө ала турган ченемдерди камтууну сунуштады.