
Максат Нусувалиев Токмок шаарынын мэри кызматынан бошотулду
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Токмок шаарынын мэри Нусувалиев Максат Орозбекович ээлеген кызмат ордунан бошотулду.