Жарандардан акча чогултушкан. Жалал-Абадда Кайгуул-күзөт кызматынын жетекчилиги кармалды
25 июнь

Жарандардан акча чогултушкан. Жалал-Абадда Кайгуул-күзөт кызматынын жетекчилиги кармалды

КР УКМК тарабынан, укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Жалал-Абад ОИИБдин кайгуул-күзөт кызматында системалуу коррупциянын фактыларын аныкталды.

Кайгуул-күзөт кызматынын командири милициянын полковниги «Ж.А.А.»кызматтык абалынан пайдаланып, кол алдындагыларды коомдук тартипти бузган жарандардан, ошондой эле жол кыймылынын эрежелерин бузгандыктары үчүн автотранспорт каражаттарынын айдоочуларынан системалуу түрдө акча чогултууга мажбурлаганы аныкталган.

Ошол эле учурда «Ж.А.А.» “кызматыңардан алынасыңар” - деп коркутуп, взводдун командирлерин ага жума сайын 20-30 миң сомдук акча каражаттарын берип турууга мажбурлаган. Ал эми взводдун командирлери өз кезегинде кол алдындагыларды элден акча чогултууга мажбурлашкан.

Үстүбүздөгү жылдын 23-июнь күнү, тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Жалал-Абад ОИИБнин Кайгуул-күзөт кызматынын командири, милициянын полковниги «Ж.А.А.», Кайгуул-күзөт кызматынын взводунун командирлери: милициянын ага лейтенанты «М.К.Т», милициянын кенже лейтенанты «К.Т.А.», жана милициянын прапорщиги «А.А.Р.» кармалышты.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.