
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Абдыкапар Султановм дүйнөдөн кайтты
Кыргыз эли орду толгус жоготууга учурады.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты, өнөр жай тармагына эмгек сиңирген ишмер Султанов Абдыкапар Маданбекович 66 жашында дүйнөдөн кайтты.
Абдыкапар Султанов 1958-жылы 7-октябрда Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Бирдик айылында төрөлгөн. 1983-жылы Фрунзе политехникалык институтун аяктаган. 1983-1990-жылдары «Көк-Жаңгак» шахтасында электрослесарь, механик, тоо-кен адиси, ачык казып алуу участогунун башчысынын орун басары жана участок башчысы катары эмгектенген. 1990-1992-жылдары аталган шахтанын жер алдындагы участогунун башчысынын орун басары, андан соң башчысы болуп иштеген. 1992-1998-жылдар аралыгында «Көк-Жаңгак» шахтасында өндүрүш боюнча директордун орун басары, башкы инженер жана директор кызматтарын аркалаган. 1998-2015-жылдары «Тегене» ЖЧКсынын директору болгон. 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус жоготуунун кайгысын тең бөлүшөбүз.
Тургунбек уулу Н., Азыгалиев Н.А., Садырбаева Ж.Э., Сыдыгалиев Н.Ө., Абакиров Э.К., Абдибаева А.Н., Ажибаев Ч.И., Айдаралиев Э.Ш., Айдарбеков Ч.А., Айдарова А. А., Акаев Ж.К., Алиев М.К., Алимбеков Н.К., Алимжанова Н.Я., Алтынбеков А., Атажанов Ы.Ы., Атамбаев С.А., Ашимова Д.А., Бакасов У.Б., Бекешев Д.Д., Бердиев А.Т., Жумабеков Д.А., Жакышов Р.Ш., Жунушалиева Г.И. Зулпуев С.М., Исаева Дж.К., Исатбек кызы А., Исираилов А.А., Калпаев Б.А., Кенжебаев А.Б., Кожокулова Г.А., Козуев А.А., Кокулов Э.К., Кубанычбеков И.К., Кыдыкбаев Ж.С., Кылычбаев А.Т., Лурова Л.Х., Мажитова Ш., Малиев А.К., Мамасадыков З.Д., Маматалиев М.А., Мамашова А.Т., Мамытов Т.Т., Марипов Б.А., Масабиров Т.А., Масалиев И.А., Маткеримов А.Т., Молдобекова Г.С., Мураталиев М.М., Муратбеков Т.М. Нарматова Н.А., Нурбаев Ж.П., Нышанов Ж.Д., Өмүрзаков С.А., Ормонов У.З., Примов У.Б., Раимбачаева В.К., Рустамбек уулу С., Рысбаев Р.Р., Саккараев М.Д., Салымбеков Ж.М., Самаков К.К., Самыйкожо М., Сарыбашов Т.Н., Сатыбалдиев Э.Р., Сулайманов К.К., Сулайманов Э.Н., Султанбекова Ч.А., Сурабалдиева Э.Ж., Сыдыков Б.У., Сыдыков М.Ж., Таалайбек кызы Ж., Талиева К.А., Ташиев Ш.К., Таштанбеков А.Д., Темирбаева М.Ө., Тентишев Б.Э., Токтошев Э.Т., Толонов Д.Э., Тулендыбаев П.Р., Турсунбаев А.А., Түлөбаев Б.З., Түмөнбаев А.Т., Тыналиев А.К., Ханджеза К.Л., Чойбеков Б.К., Шабазов Б.В., Эгембердиев А.А., Эрбаев А.Т., Эргешов Б.А.