Кыргызстанда акыркы суткада 18 өрт кырсыгы катталды
2 июнь

Кыргызстанда акыркы суткада 18 өрт кырсыгы катталды

Кыргызстандын аймагында акыркы суткада 18 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 18 күжүрмөн эсеп тартылган. 

ӨКМден кабарлашкандай, анын ичинде:

  • Бишкек шаарында – 6;
  • Ош облусунда – 1;
  • Чүй облусунда – 5;
  • Жалал-Абад облусунда – 4;
  • Баткен облусунда – 2.

Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болду.