Сел жүрөт! ӨКМ чукул билдирүү таратты
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты.
Синоптиктердин билдирүүсүнө таянсак, 26-27-июнь күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан локалдык нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.
Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет:
- сел коопсуздук эрежелерин сактаңыз;
- арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз;
- турак үй жайгашкан жерде жаан суулары - агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз;
- Үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерге жакын эместигине өзгөчө көңүл буруңуз;
- сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз;
- мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүп чыгыңыз.
