Бишкектин айрым аймактарында үч күнгө көгүлтүр от өчүрүлөт
25 июнь

Бишкектин айрым аймактарында үч күнгө көгүлтүр от өчүрүлөт

Ушул жылдын 25-27-июнь күндөрү жер үстүндөгү төмөн басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштери жүргүзүлөт, деп билдирет «Бишкекгаз» ишканасы.

Буга байланыштуу Черкасский пер., Жибек Жолу көч., Курманжан Датка көч., ЧЧК көгүлтүр от өчүрүлөт.

«Бишкекгаз» газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт. Жумуштар газ менен ишенимдүү жана коопсуз камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө.