Кыргызстанда «Электрондук апостиль» системасы иштей баштады
25 июнь

Кыргызстанда «Электрондук апостиль» системасы иштей баштады

2025-жылдын 25-июнунан тартып Бишкекте «Электрондук апостиль» автоматташтырылган маалыматтык системасы (АИС) пилоттук түрдө ишке кирет. Бул бирдиктүү санариптик платформа документтерге апостиль коюу процессин толук онлайн форматта жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

АИС кызматтын толук циклын камтыйт: апостиль коюу үчүн арызды кабыл алуу, документтердин жана ыйгарым укуктуу адамдардын кол тамгаларынын чын-төгүнүн текшерүү, электрондук «Апостиль» тамгасын түзүү, системага каттоо. Төлөмдөр «Е-Апостиль» АИСке туташтырылган онлайн-төлөм кызматтары аркылуу жүргүзүлөт.

«Электрондук апостиль» системасын киргизүү кызматты алууну кыйла ыңгайлуу кылат, иштин сапаты жогорулайт, адамдык фактордун таасири толугу менен четтетилет. Апостильди жеке келбестен жана кагаз документтерсиз алыстан алууга болот.

Кызматты бүгүндөн баштап каалаган түзмөктөн жана дүйнөнүн каалаган жеринен https://apostille.minjust.gov.kg/ дареги аркылуу пайдаланыңыз.

Апостиль коюу Гаага конвенциясына мүчө болгон бардык өлкөлөрдө жеткиликтүү.