Кыргызстан туруктуу өнүгүү рейтингинде Борбордук Азияда лидер болду
Кыргызстан 2026-жылдагы туруктуу өнүгүү боюнча дүйнөлүк рейтингде Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында эң мыкты жыйынтык көрсөттү.
Sustainable Development Report баяндамасына ылайык, Кыргызстан БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) жетишүү индексинде дүйнөнүн 169 өлкөсүнүн ичинен 50-орунду ээледи.
Өзбекстан 65-орунда, Казакстан 67-орунда жайгашты. Рейтингге ошондой эле Индонезия, Мексика, Түркия, Индия жана Сауд Арабиясы сыяктуу «Чоң жыйырманын» (G20) өлкөлөрү да кирген.
Евразия өнүктүрүү банкынын катышуучу мамлекеттеринин арасында эң жогорку көрсөткүчтөрдү Беларусь (35-орун) жана Армения (47-орун) көрсөттү.
Дүйнөлүк рейтингде биринчи орунду 87,4 упай менен Финляндия ээледи. Андан кийинки орундарга Швеция жана Дания жайгашты. Европа өлкөлөрү рейтингдин алдыңкы саптарын ээлөөнү улантууда.
Баяндаманын авторлору белгилегендей, 2015-жылы Туруктуу өнүгүү максаттары кабыл алынгандан бери Чыгыш жана Түштүк Азия өлкөлөрү олуттуу ийгиликтерге жетишкен. Индия рейтингде 18 орунга көтөрүлсө, Кытай 63-орундан 49-орунга жылган. Ал эми АКШ тескерисинче, 40-орундан 45-орунга түшкөн.
Ошол эле учурда дүйнөдө ТӨМгө жетишүүнүн жалпы темпи жетишсиз бойдон калууда. 2026-жылга карата бааланган милдеттердин болгону 16,5%ы гана белгиленген планга ылайык ишке ашырылууда. Учурдагы темп сакталса, 2030-жылга чейин 17 максаттын бирөө да толук аткарылбайт.
Баяндамада негизги көйгөйлөрдүн бири катары кабыл алынган стратегиялар менен алардын иш жүзүндө аткарылышынын ортосундагы ажырым белгиленет.
Тактап айтканда, бааланган өлкөлөрдүн 45%ы Туруктуу өнүгүү максаттарын улуттук бюджеттеринде эске алышса, алардын болгону 15%ында бул максаттарды ишке ашырууга арналган өзүнчө бюджеттик беренелер каралган.
127 өлкөдөн 1 миң 98 эксперттин арасында жүргүзүлгөн сурамжылоодо респонденттердин 89%ы бекитилген стратегияларды ишке ашыра албоону негизги тоскоолдуктардын бири деп аташкан. Дагы 87%ы өзгөрүп жаткан геосаясий кырдаалдын таасирин белгилешкен.
Туруктуу өнүгүү боюнча баяндамада БУУга мүчө болгон 193 мамлекеттин профили камтылган. Негизги рейтингге жетиштүү маалымат бар 169 өлкө кирген. Баалоодо социалдык өнүгүү, экономика, экология, эл аралык кызматташтык, тынчтык жана коопсуздук менен байланышкан көрсөткүчтөр пайдаланылган.
