Баткен шаарында көп балалуу энелерге мамлекеттик сыйлыктар ташырылды
иллюстрациялык сүрөт
4 август

Баткен шаарында көп балалуу энелерге мамлекеттик сыйлыктар ташырылды

Баткен шаарында 4 энеге «Баатыр эне» ордени, ал эми 5 энеге «Эне даңкы» медалы тапшырылды. Бул тууралуу Баткен шаардык мэриясынан кабарлашты.

Сыйлык тапшыруу аземинде Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев энелерди куттуктап, алардын үй-бүлө, коом жана мамлекет алдындагы эмгеги өзгөчө баага татыктуу экенин белгиледи.

Иш-чаранын соңунда шаар башчысы энелерге чың ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана балдарынын сыймыгын көрүп, өлкөнүн өнүгүшүнө татыктуу уул-кыздарды тарбиялоодо ийгиликтерди каалады.

Бүгүнкү күндө Баткен шаарында жалпы 331 «Баатыр эне», ошондой эле 181 «Эне даңкы» медалынын ээси бар.