Ойлонгула! Камчыбек Ташиев Нарындын акимдерине 3 күн убакыт берди
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 25-июнда Нарын шаарында жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүүдө. Анын жүрүшүндө жергиликтүү бийликтин аткарган иштери боюнча отчету угулууда.
УКМК төрагасы жыйында Нарындын акимдерин жигердүү иштөөгө чакырды.
"Акимдер жергиликтүү калктын көйгөйүн чечиши керек. Үч күн убакыт берем, иштейм же арыз жазып кызматтан кетем дегиле. Жөн жүргөн болбойт. Иштегиле же кеткиле, болбосо биз тиешелүү чараларды көрөбүз", - деди Ташиев.
Белгилей кетсек, 24-июнда УКМК башчысы Токмок шаарына барган, жыйын учурунда Токмоктун мэри камакка алынган. Ал эми жергиликтүү аткаминерлерге үч күн убакыт берилген.
