Жогорку Кеңеш порнографиялык мазмундагы сайттарга кирүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда колдоду
Бүгүн, 25-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү контент элементтерди камтыган сайттарга кирүүгө тыюу салуу жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорлору экинчи жана үчүнчү окууда каралып, колдоо тапты.
Демилгечи – депутаттар Марлен Маматалиев, Динара Ашимова, Жалолидин Нурбаев, Талант Мамытов, Карим Ханджеза, Алишер Козуев, Айбек Маткеримов, Камила Талиева, Талайбек Масабиров, Ырысбек Атажанов, Айбек Алтынбеков, Сүйүнбек Өмүрзаков, Советбек Рустамбек уулу, Бекмурза Эргешов, Аккулу Бердиев, Бактыбек Чойбеков, Эрнис Айдаралиев, Эльдар Абакиров, Бакыт Тентишев, Балбак Түлөбаев, Аида Исатбек кызы, Эрулан Кокулов, Лейла Лурова, Шарапаткан Мажитова, Мурадил Сыдыков, Жумабек Салымбеков, Азамат Исираилов.
Демилгечилердин бири, депутат Мурадил Сыдыков белгилегендей, аталган мыйзам долбоорунда «порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган контент» түшүнүгүнүн аныктоо жана коомдун моралдык жана этикалык баалуулуктарын коргоо үчүн мындай мүнөздөгү контентти интернет мейкиндигинен таратууга тыюу салуу, аны интернет аркылуу тараткандарды жоопкерчиликке тартуу сунушталууда.
