Оштун мэри дагы бир үч эмдин ата-энесине батир белек кылды
25 июнь

Оштун мэри дагы бир үч эмдин ата-энесине батир белек кылды

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев дагы бир үч эмдин ата-энесине батир белеке берди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, балдардын атасы Мурзабек Тороев Ош шаарындагы Ак-Буура милиция бөлүмчөсүндө эмгектенет. Мэрдин буга чейин дагы үч эмге батир бергендигин угуп, кайрылышкан.

Анын негизинде тилеги орундалып бүгүн 3 бөлмөлүү батирдин ачкычы тапшырылды. Учурда бир кыз үч уулу бар. Аларга Амантай, Эсентай, Эртай аттуу ысым ыйгарышкан, учурда 1 жаш 2 айлык.