Бишкекте кайсы жерден арзан баада эт сатып алса болот – даректери
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин алдындагы “Кыргыз Агрохолдинг” ААКы тарабынан уюштурулган 680 сомдон эт саткан фудтрактар төмөнкү даректерде ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө.
- Бишкек шаары, Аламүдүн-1 конушу, Сагынбай Манасчы көчөсү, 7/1 (чыгыш тарабындагы унаа токтотуучу жай);
- Бишкек шаары, Көк-Жар кичи району, 3/1 (жанындагы унаа токтотуучу жай);
- Бишкек шаары, 7-Апрель көчөсү менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилиши («Глобус» гипермаркетинин унаа токтотуучу жайы);
- Бишкек шаары, Киев көчөсү менен Кулиев көчөсүнүн кесилиши («Берекет Универсал» базарынын батыш тарабындагы унаа токтотуучу жай);
- Бишкек шаары, Тунгуч кичи району («Глобус» гипермаркетинин унаа токтотуучу жайы);
- Бишкек шаары, Ортосай базары («Оберон» унаа токтотуучу жайы);
- Бишкек шаары, Гагарин көчөсү менен Космостук көчөсүнүн кесилиши («Глобус» гипермаркетинин унаа токтотуучу жайы);
- Бишкек шаары, Ленин көчөсү, 135;
- Бишкек шаары, Төмөнкү Жал кичи району, Тыналиев көчөсү («Глобус» гипермаркетинин унаа токтотуучу жайы);
- Бишкек шаары, Москва көчөсү менен Шопоков көчөсүнүн кесилиши.
