Бишкектин Чыгыш-5 кичирайонунда ысык суу жана жылуулук берүү убактылуу токтотулду
Бишкектин Чыгыш-5 кичирайонунда бүгүн, 14-январда саат 09:00дөн 20:00гө чейин ысык суу жана жылуулук менен камсыздоо убактылуу өчүрүлдү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бул күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү максатында, иштеп жаткан жылуулук тармагын жаңыртуу жана жаңы курулган тармакка туташтырууга байланыштуу.
Ысык суу жана жылуулук төмөнкү үйлөрдө өчүрүлөт:
- Чыгыш-5 кичи району 6, 7, 10, 11, 12, 18, 19-кичи райондордо,
- Чүй проспектиси боюнча №30, 32, 34 үйлөр,
- ошондой эле Р. Санатбаев атындагы Олимпиадалык резерв мектебинде (Чыгыш-5, 20/3) жана №59 бала бакчасында (Чыгыш-5, 18/1).
Белгилей кетсек, оңдоо иштери кыш мезгилинде да токтобойт, иштер планга ылайык жүргүзүлүүдө.
"Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасы убактылуу келтирилген ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөт жана туура тушүнгөнүңүздөр үчүн ыраазычылык билдирет.
