Ош шаарында жөө адамдар үчүн көпүрө пайдаланууга берилди
Ош шаарынын Курманжан-Датка муниципиалдык аймактык башкармалыгында Озгур жана Төлөйкөн айылдарын бириктирген жөө адамдар үчүн көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди.
Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, көпүрөнүн узундугу 28 метр, туурасы 1,7 метрди түзөт.
Жаңы көпүрө жарактан чыккан эски көпүрөнүн ордуна курулду. Ага жергиликтүү бюджеттен 8,5 миллион сом каражат бөлүнүп, курулуш иштери 2025-жылдын апрель айында башталган.
