
Нарын облусунда 169 шайлоо тилкесинде добуш берүү активдүү жүрүүдө
Нарын облусунда бүгүн, 17-ноябрда 169 шайлоо тилкесинде жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жүрүүдө. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, Нарын облусу боюнча 221 миң 100 шайлоочу бар. Алардын ичинен 664 шайлоочу добуш берүү тилкесинен тышкары добуш берүүгө, 111 шайлоочу аралыктан добуш берүүгө катышуу үчүн арыз беришкен.
Нарын шаардык кеңешине 31 орун үчүн 6 саясий партиядан 169, 27 айылдык кеңештеги 527 орунга 932 талапкер ат салышууда.
Саат 10:00гө карата алынган маалымат боюнча шайлоочулардын 2,3 пайызы же 5204 шайлоочу добуш берди.