Шайлоо-2024. Баткен боюнча 22 айылдык, 6 шаардык кеңеште шайлоо өтүүдө
Баткен облусунда бардык шайлоо участкалары ачылып, шайлоо өнөктүгү башталды, деп билдирет президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткен шаарындагы №9801 шайлоо участкасына келип добуш берди.
Облуста жалпы шайлоочулардын жалпы саны 345468 жаранды түздү.
Жалпы 219 шайлоо участкасы ачылып, өз иштерин баштады.
Баткен облусу боюнча 22 айылдык кеңеште, 6 шаардык кеңеште шайлоо өтүүдө.
Облустун аймагындагы 6 шаардык кеңеште 166 мандатка 885 талапкер, ал эми 22 айылдык кеңештерде 552 мандатка 1007 талапкер ат салышууда.
Жергиликтүү бийлик органдары тарабынан бардык участкаларда электр энергиясы, интернет байланышы,жылуулук сыяктуу зарыл болгон бардык шарттар түзүлдү.
Коомдук коопсуздукту камсыздап,мыйзам бузууларга жол бербөө үчүн 950 милиция кызматкери, ИИМдин ардагерлери, элдик кошуундар күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.