
"Алтын балалыкта" жайкы сезон расмий ачылып, биринчи агым менен 575 бала кабыл алынды
Президенттин Иш башкармасына караштуу "Алтын балалык" ден соолукту чыңдоо борборунда жайкы сезон расмий түрдө ачылып, биринчи агым менен 575 бала кабыл алынды. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
Анын айтымына караганда, балдар үчүн атайын ден соолукту чыңдоочу, окутуучу жана көңүл ачуучу программалар иштелип чыкты.
"Быйылкы сезондун өзгөчөлүгү — 20 пайыздан кем эмес балдар мүмкүнчүлүгү чектелген балдардан турат. Бул президент Садыр Жапаровдун түз тапшырмасына ылайык ишке ашып, бул категориядагы балдарга өзгөчө көңүл бурууга багытталган", - деди ал.
Ал балдар үчүн бирдей шарт түзүлүп, алардын сергек өсүшүнө, сапаттуу эс алуусуна өзгөчө маани берилип жаткандыгын айтты.
"Айрыкча баса белгилей кетүүчү нерсе — “Алтын Балалык” ден соолукту чыңдоо борбору толугу менен президенттин тапшырмасы менен капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Бул иш-аракеттер мамлекет башчысынын жеке көзөмөлүндө жүргүзүлүп, балдар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүүгө багытталган", - дейт Туманбаев.
Борбордун жатак бөлмөлөрүнө жаңы эмеректер орнотулуп, ашканалар, санитардык түйүндөр жана жалпы инфраструктура заманбап талаптарга ылайык жаңыланды. Эми бул жай балдар үчүн ден соолукка пайдалуу, бактылуу жана эстен кеткис эс алуу менен коштолгон чөйрө болуп саналат.⠀
Президенттин иш башкаруучусу өткөн сезондо борбор жыл бою тынымсыз иштеп, жалпысынан 7 миңге жакын баланы кабыл алгандыгын кошумчалады.