Кургак учук менен күрөшүүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнү: Кургак учуктун баладагы белгилери
Бүгүн, 24-март кургак учук менен күрөшүүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнү. Кыргызстанда балдар арасындагы кургак учук канчалык деңгээлде жана аны кантип алдын алууга болот. Бул боюнча Улуттук фтизиатрия борборунун балдар бөлүмүнүн башчысы Айсалкын Тешебаева айтып берди.
– Кыргызстанда кургак учукка кабылган чоңдор жана балдар жыл сайын катталат. Мисалы, 2024-жылы 143 баладан кургак учук аныкталып, биздин борбордон дарыланып чыгышты. Анын арасында 50сү туруктуу кургак учукка кабылган.
Кургак учуктун жакшы көргөн жери – дем алуу органы, өпкө. Ошондой эле бездерде да топтолушат. Балдардыкын биринчи кургак учук деп коебуз, таякча баланын денесине түшкөндөн кийин ал ошол жерде андан ары жашап кете алабы же жокпу – көп фактордон көз каранды болот. Баланын жашы кичинекей болсо, вирустук оорулар менен бат-бат ооруса, жакшы тамактанбаса, салмагы жаш курагына туура келбесе, анда организми көп инфекцияларга туруштук бере албай калат. Ошондуктан, кургак учук балага кайсы убакта жукканына карабай, жогорудагы факторлор күчөгөн кезде пайда болушу ыктымал, – дейт дарыгер.
Айтымында, кургак учук аба аркылуу, сүйлөшүү маалында жугат. Көбүнчө жабык имараттарда жугуу коркунучу жогорулайт. Айрым учурда ата-энелер балдарына оору коомдук транспорттордо жукканын айтышаарын белгилеген дарыгер, бул жабык автобуста кургак учук менен ооруган адам менен узак убакытка чогуу жол жүргөндө гана мүмкүн болоорун кошумчалады. Ошол эле учурда автобустун терезелери ачылып, шамал кире турган болсо жугуу коркунучу төмөндөйт.
– Жаш балдарда кургак учук таякчалары көбүнчө көөдөн безине жайгашат. Азыр сөөктөрдүн кургак учугу балдар арасында көбүрөөк катталып жатат. Жүлүн омурткаларынан, жамбаш сөөктөрүнөн, тизе муундарынан табылат. Бул өпкөдөн тышкаркы кургак учук деп аталат. Мындайда белгилери кеч пайда болот. Кургак учуктан сактануунун жакшы жолу – эмделүү. Азыр эмдөөдөн баш тарткан ата-энелер көп. Биз билишибиз керек: эмдөө алгандан кийин деле бала ооруп калышы мүмкүн, бирок оор түрү менен жабыркабайт. Мээге жана башка органдарга тарап кетпейт, бир локализацияда болот. Аны дарылоо жеңил. Эмдөө бала төрөлгөндө төрөт үйлөрүндө жасалат. Бирок ошол маалда кайсы бир себептер менен жасалбай калса, анда ата-энеде дагы эки ай убакыт бар. Эки айдан кечиктирбей, баласын эмдетип койсо болот, - деди Тешебаева.
Дарыгер оору белгилерин санап берди: биринчи кезекте баланын мүнөзү өзгөрөт. Бала түшкө чейин шайыр, кыймылдуу болсо, түштөн кийин чарчаңкы болот. Көп жаткысы келет. Түнкүсүн аз-маз тердеши мүмкүн. Тамакка болгон табити начарлайт, бирде жакшы жесе, бирде баш тартат. Ага байланыштуу арыктайт.
«Кургак учукта жөтөл көп болбойт. Качан гана өтүшүп, өпкөгө жайылып, чоң тешик пайда боло баштаганда гана адам жөтөлөт. А көөдөн безиндеги кургак учукта, бездер бири бири менен жабышып чоңое баштап, жүзүмдүн формасындай көлөмгө келгенде гана дем алуу түтүкчөлөрүн бууйт, ошондо баланын дем алуусу начарлап, кыска жөтөлүшү ыктымал. Кургак учуктагы жөтөлдүн өзгөчө белгиси ушул – кыска чыгат. Ошондуктан, аны көп адам этибарга ала бербейт», – деди Айсалкын Тешебаева.
