Бишкектин Ленин районунда мыйзамсыз жүгүртүүдөгү 230 литр күйүүчү май алынган
25 июнь

Бишкектин Ленин районунда мыйзамсыз жүгүртүүдөгү 230 литр күйүүчү май алынган

Бишкек шаарынын Ленин административдик аймагында күйүүчү-майлоочу материалдардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн алдын алуу жана аныктоо максатында рейддик иш-чаралар үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат.

Рейддер Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан, Ленин районунун муниципалдык администрациясы жана Мамлекеттик салык кызматынын Ленин району боюнча башкармалыгы менен биргеликте өткөрүлүүдө.

Акыркы рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз жүгүртүүдөн жалпы 230 литр күйүүчү май алынган. Мыйзам бузган жарандарга карата Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 179-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык 4 административдик протокол түзүлдү. Мындай рейддик иш-чаралар мындан ары да туруктуу негизде улантылып, күйүүчү май сатуудагы мыйзам бузууларды алдын алуу жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча иштер күчөтүлөт.

Ички иштер органдары жана муниципалдык администрация ишкерлерди жана жарандарды мыйзам талаптарын так сактоого чакырат.

Эрежелерди бузгандарга карата мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөт.