Кыргызстанда бодо малдар арасында коркунучтуу ылаңдар катталган жок
28 апрель

Кыргызстанда бодо малдар арасында коркунучтуу ылаңдар катталган жок

Кыргызстанда бодо малдар арасында коркунучтуу ылаңдар катталган жок, деп кабарлайт Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы.

2025-жылга эпизоотияга каршы иш-чаралардын планы төмөндөн жогору карай малдын чыныгы башына, эпизоотиялык абалын эске алуу менен план түзүлүп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылып, бекитилди. Бекитилген пландын негизинде Ветеринардык кызмат тарабынан сатып алынган биокаражаттарды муздак чынжырды сактоо менен райондук жана шаардык башкармалыктарына эмдөө иштерин өз убагында аткаруу максатында төмөндөгү биокаражаттар бөлүштүрүлүп, жеткирилип берилген. 

2025–жылдын март айына карата республика боюнча ветеринардык-санитардык, профилактикалык, эпизоотияга каршы иш-чаралар жалпы 4 088,3 миң баш малга жүргүзүлдү.

Анын ичинен:

  • диагностикалык изилдөөлөр (жана башка изилдөөлөр) 320,5 миң башка, 
  • алдын ала эмдөөлөр 3 592,6 миң башка, 
  • дегельминтизация 169,0 миң баш 

2025-жылдын I кварталына бекитилген план боюнча 127%  аткарылды.

Жогоруда көрсөтүлгөн пункттарга карантин, чектөөлөр коюлуп, инструкцияга ылайык ветеринардык-санитардык иш чаралар жүргүзүлдү.  

Өтө коркунучтуу делген бодо малдардын шарп, кой-эчкилердин күл, кыргын ж.б. ылаңдары катталган жок, республика боюнча эпизоотиялык абал туруктуу сакталды.