Шайлоо-2024: 9 миңден ашык адам аралыктан добуш берет
Жергиликтүү кенештердин депутаттарын шайлоо үчүн шайлоочулардын жалпы саны 4 135 039, анын ичинде эркектер – 2 000 528 (48,38%), аялдар – 2 134 511 (51,62%) түзөт.
Ошондой эле өлкө боюнча аралыктан добуш берүү үчүн 9050 арыз түштү. Арыздардын 72%ы 18-35 жаштагы жаш шайлоочулардан келип түшкөн. Арыз бергендер арасында мамлекеттик органдардын жетекчилери, студенттер, аскер кызматчылары жана вахталык режимде иштегендер бар.
Шайлоочулардын тизмеси боюнча маалымат менен «Тизме» мамлекеттик порталында таанышууга болот.
Шайлоо участогуңуздун дарегин 1255 же 119 номерлерине чалуу аркылуу тактап же паспорттогу ПИН номерин жазып 119 номерине SMS жөнөтүү аркылуу текшере аласыз.