Кыргызстанда бир жумада 323 мас айдоочу кармалды
28 апрель

Кыргызстанда бир жумада 323 мас айдоочу кармалды

Кыргызстандын аймагында 21нен 27-апрелге чейинки аралыкта 22 миң 817 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) кабарлайт. 

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

  • Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 765;
  • Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу - 323;
  • Автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 134;
  • Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 327;
  • Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 3866;
  • Автээнбаштык - 24;
  • Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 3521;
  • Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 6;
  • Башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 13 857;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 862  автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.