Жамиля Исаева төраганын орун басары кызмат ордун өз каалоосу менен тапшырды
Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева бүгүн, 28-апрелде өз каалоосу менен кызматын тапшырды. Бул тууралуу ЖКдан кабарлашты.
Мындан ары депутат катары ишин уланта берет.
Эскерте кетсек, Жамиля Исаева "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын квотасы менен 2022-жылдын 12-январында төраганын орун басары болуп шайланган.
