“Каракол” эл аралык аэропортунун расмий ачылышы эртеңкиге жылдырылды
10 декабрь

“Каракол” эл аралык аэропортунун расмий ачылышы эртеңкиге жылдырылды

“Каракол” эл аралык аэропортунун расмий ачылыш аземи 11-декабрга жылдырылды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жылдырылышына аба ырайы себеп болгон. 

Белгилей кетсек, буга чейин президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов мамлекет башчысы Садыр Жапаров 10-декабрда Ысык-Көл облусуна жумушчу сапары менен барарын маалымдаган. Сапардын жүрүшүндө президент капиталдык реконструкциядан өткөн “Каракол” эл аралык аэропортун ачмак. 

Эске салсак, 8-декабрда мамлекеттик "Асман Эйрлайнс" авиакомпаниясынын учагы "Манас" эл аралык аэропортунан толук кандуу курулуп, реконструкцияланган "Каракол" эл аралык аэропортуна биринчи техникалык каттамын аткарган.