2024-жылы Кыргызстан Борбор Азиядагы аялдардын диалогу платформасына төрагалык кылат
20 сентябрь

2024-жылы Кыргызстан Борбор Азиядагы аялдардын диалогу платформасына төрагалык кылат

Муну менен катар Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары 2023-жылдын март айында Кыргызстан менен Россия I Аялдар форумун ийгиликтүү өткөрүшкөнүн эске салып: «Кыргызстан 2024-жылы Борбор Азия өлкөлөрүнүн аялдар диалогунда төрагалык кылууда, бул гендердик теңчилик жаатында аймактык кызматташууга умтулуубузду баса белгилейт. Ага ылайык, 23-майда Бишкек шаарында диалогдун биринчи жыйыны болуп өттү. Анда санариптик, социалдык жана экологиялык инновацияларды жайылтууда аялдардын ролу талкууланды», - деди Джамиля Исаева.

Эл өкүлү белгилегендей, диалогдун экинчи иш-чарасын октябрьда «Аялдар, тынчтык жана коопсуздук: Борбор Азия регионунда жана Афганистанда тынчтыкты жана коопсуздукту бекемдөөдө аялдардын ролу» темасында форум форматында өткөрүү пландаштырылууда.

Төраганын орун басары Кыргызстан мындай форумдарга жана долбоорлорго жигердүү катышууга даяр экендигин белгилеп:

«Климаттын өзгөрүшү, экономикалык туруксуздук жана социалдык теңсиздик сыяктуу глобалдык чакырыктар бирдиктүү күч-аракетти талап кылат. Андыктан, айымдар глобалдык көйгөйлөрдү чечүүгө уникалдуу көз караштарын алып келүү менен бул аракеттердин башында болушу керек. Анткени аялдар – коомубуздун бир бөлүгү гана эмес, анын активдүү жаратмандары», - деди Джамиля Исаева.