Жабуев: Быйыл Бишкекте 28 миң абонентке акылдуу эсептегич орнотулат
Быйыл Кыргызстанда электр энергиясын керектөөдө 500 миң акылдуу эсептегич орнотулат. Ал энергетиктердин жана кардарлардын ыңгайлуулугун бир топ жогорулатат. Бул тууралуу Бишкек электр тармактар ишканасынын Электр энергиясын сатуу кызматынын жетекчиси Улан Жабуев Биринчи радонун эфиринде айтып берди.
Жабуев белгилегендей, бул энергетиктердин алдындагы жоопкерчиликтүү иш.
«Министрлик тараптан маалымат берилген – быйылкы жылы өлкө боюнча 500 миң акылдуу эсептегич орнотушубуз керек. Азырынча биринчи транш менен 50 миң эсептегич таркатылып берилди. Бишкек шаары боюнча бул жылдагы план 28 миң акылдуу эсептегичти орнотуу болсо, учурда анын 4200үн орнотуп койдук», – деди Мирлан Жабуев.
Айтымында, Бишкек электр тармактар ишканасы 282 613 абонентти тейлейт, анын 140 312сине буга чейин эле акылдуу эсептегич орнотулган. Анын көбү жер үйлөргө таандык, жалпысынан шаардагы жер үйлөрдүн 99 пайызы акылдуу эсептегичке өткөнүнө көп болду.
«Административдик-аймактык реформанын негизинде, биздин ишкананын карамагына Сокулук, Аламүдүн райондорундагы 61 миң абонент өтүшү керек болчу, учурда анын 16 322син өткөрүп алдык. Азыр акылдуу эсептегичтерди ошол жаңы кабыл алынган абоненттерге коюп берүүдөбүз. Ал эми кабат үйлөргө азырынча кое элекпиз. Бишкек шаары боюнча 2825 көп кабаттуу үй бар, буйруса пландын негизинде аларга да жетебиз», – деп белгиледи ал.
Жабуев буга чейин келген жана быйыл келген акылдуу эсептегичтердин айырмасын белгиледи. Айтымында, булар да улам жаңы чыккан телефон сыяктуу жаңы функциялар менен толукталып, жакшыртылып жүрүп отурат. Биринчи келген акылдуу эсептегичтерде аралыктан өчүрүп, күйгүзүү мүмкүнчүлүгү гана бар болсо, азыркыларда абоненттерге техникалык шарттын негизинде киловатт коюп берүүгө да болот.
«Мунун артыкчылыгы кардар канча киловатт электр энергиясын колдонгонун системадан көрө алабыз. Эң негизгиси өчүрүп, күйгүзүү маселеси жеңилдетилди. Эски акылдуу эсептегичтерде да аралыктан өчүрүп, күйгүзүү мүмкүн болчу, бирок азыр сигналдар мурункудан тез жетип, тез күйүп жатат», – деди.
Ал белгилегендей, учурда Бишкек шаарындагы электр энергиясын колдонуучулардын 97 пайызы «Мой свет» тиркемесине өттү.
