Эми кыймылсыз мүлк боюнча келишимдерди "Түндүктөн" алса болот
28 апрель

Эми кыймылсыз мүлк боюнча келишимдерди "Түндүктөн" алса болот

Эми кыймылсыз мүлк боюнча келишимдерди "Түндүктөн" алса болот. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинен билдиришти.

Керектүү нерселер:

  • Tunduk колдонмосу
  • Булуттагы электрондук кол тамга
  • Төлөнгөн мүлк салыгы
  • Никедеги макулдук (эгер болсо)

Кантип каттайсыз:

  • Колдонмодо «Кыймылсыз мүлктү кайра каттоо» кызматын тандаңыз
  • Нускамаларды аткарыңыз
  • Документтерге онлайн түрдө кол коюңуз 
  • Каттоо 5 сааттан 3 жумушчу күнгө чейин бүтөт.

Долбоор Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги, «Түндүк» ММ жана Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан ишке ашырылган.