
Сокулукта бакчада 5 жашар кыз чарчап калган. Билим берүү министрлиги окуя боюнча үн катты
Билим берүү жана илим министрлиги социалдык желелерде тарап жаткан 5 жашар кыздын чарчап калгандыгы тууралуу кабар боюнча төмөнкүлөрдү малымдайт.
Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн билдирүүсү боюнча, бул окуя 2024-жылдын 22-октябрында Чүй облусунун Сокулук районундагы № 4 “Сокулук Алтын Балалык” бала бакчасында болгон.
Бул факты боюнча Сокулук райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголгон. Азыркы учурда укук коргоо органдары тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.
Министрлик окуя тууралуу кабар жетер замат комиссия түзгөн. Комиссия аталган бала бакчага барып, тиешелүү маалыматтарды алган жана райондогу бала бакчаларда балдардын ден соолугун жана өмүрүн сактоо боюнча алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырган.
Бул окуя министрликтин көзөмөлүндө турат жана тергөө иштеринин жыйынтыгы чыккандан кийин кошумча маалымат берилет.
Эске сала кетсек, азыркы учурда ар бир бала бакчада баланын өмүрүн жана ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылуу, зордук-зомбулукту алдын алуу максатында комплекстүү окутуулар, семинарлар өткөрүлүп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте видео көзөмөл уюштуруу колго алынууда.