Азамат Юсупов Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы болду
16 апрель

Азамат Юсупов Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы болду

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, Юсупов Азамат Маматович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, КР президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.