Абу-Дабиде Кыргызстан жана БАЭ жарандарынын кирүү жана чыгуунун процедураларын жөнөкөйлөтүү маселеси талкууланды
Абу-Даби шаарында 15-апрелде Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулунун Бириккен Араб Эмираттарынын Федералдык миграция кызматынын штабынын жетекчилиги менен жолугушуусу орун алды. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Жолугушууга БАЭнин Федералдык миграция кызматынын штабынын башчысы полковник Саид Аль-Амри жана БАЭнин Федералдык миграция кызматынын виза маселелери боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Али Аль-Хамли катышты.
Тараптар миграция тармагындагы жана визалык багытындагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин кеңири талкуулашты.
Эки мамлекеттин жарандарына жагымдуу шарттарды түзүү үчүн жолугушуунун жүрүшүндө өзгөчө көңүл эки өлкөгө кирип/чыгуу процедураларын жеңилдетүү маселелерине бурулду.
Мындан тышкары, бул багытта кызматташтыкты өнүктүрүү максатында тажрыйба алмашуу маселеси талкууланды.
