Кыргызстан Мали менен саясий кызматташууну активдештирүүгө кызыкдар
13 март

Кыргызстан Мали менен саясий кызматташууну активдештирүүгө кызыкдар

Кыргызстан менен Мали Республикасынын Түркиядагы элчилери Руслан Казакбаев менен Исса Усман Кулибали жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты. 

Тараптардын жолугушуусу 12-мартта өткөн. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Малинин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды, ошондой эле аны эки тараптуу жана көп тараптуу форматта бекемдөө боюнча мындан аркы кадамдарды белгиленди.

Эл аралык уюмдардын шайлануучу органдарына талапкерлерди өз ара колдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Кыргыз тарап Африка континентинин өлкөлөрү, анын ичинде Мали менен саясий-экономикалык кызматташууну активдештирүүгө кызыкдар экендигин баса белгиледим.

Жолугушуунун соңунда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө өз ара даярдыгын билдиришти.