ӨКМ Ошто жер титиреген аймактарды көзөмөлдөп жатат
13 март

ӨКМ Ошто жер титиреген аймактарды көзөмөлдөп жатат

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен Ош шаарында жана Кара-Суу районунда жер титирөөгө байланыштуу министрдин орун басары Акылбек Мазариповдун жетекчилигинде абалды көзөмөлдөө штабы түзүлдү.

Ошондой эле ал облустук жарандык коргонуу комиссиясын жетектөөдө.

Күн мурун жеринде комиссия жана штаб менен бирге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тургундары менен жолугушту. Анын алкагында жабыркаган объектилердин тизмеси түзүлүп, аларды мындан ары пайдалануунун максаттуулугун аныктоо иштери жүрүүдө.

Ошондой эле керек болгон учурда күч-каражаттарды бөлүп берүү даярдыктары көрүлүп жатат.

Белгилей кетсек, 12-мартта саат 09:11де Ош шаарында жана Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагында 5 балл жер титиреп, Мады айылында турак үйлөр жабыркаганы маалымдалган.