Кыргызстан менен  Беларустун премьерлери эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты
24 март

Кыргызстан менен Беларустун премьерлери эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Беларусь Республикасынын премьер-министри Александр Турчиндин телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. 

Адылбек Касымалиев Александр Турчинди Беларусь Республикасынын П=премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктап, жооптуу мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Адылбек касымалиев эки тараптуу кызматташуунун бардык маселелери боюнча тыгыз жана жемиштүү иштөөгө даяр экендигин билдирди.

Тараптар 2025-2027-жылдарга карата Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү боюнча кол коюлган Иш-чаралар планын (“Жол картасы”) тууралуу да пикир алышты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле алдыдагы мезгилге пландаштырылган иш-чараларды талкуулашты.