Ысык-Көлдө жер титирөө катталды
Кыргызстандын аймагында титирөө катталды, деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.
Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн саат 12:17де катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.
Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Жыргалаң айылында 2,5 баллга _(Жыргалаң айылынан 20 чакырым чыгышка, Кызыл-Жар айылынан 22 чакырым түшүк-чыгышка, Каракол шаарынан 72 чакырым түндүк-чыгышка)_ чейин сезилген.
Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
