
Ысык-Көл облусунда жыл башынан бери 12,7 миң "акылдуу эсептегич" орнотулду
Ысык-Көл облусу боюнча 2024-жылдын башынан бери 12 миң 713 кардарга "акылдуу эсептегич" орнотулду, деп билдирет Энергетика министрлигинин маалымат кызматы.
Эскерте кетсек, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен биргеликтеги долбоордун 1 этабынын алкагында 2022-жылы 19 миң 690 акылдуу эсептегич орнотулса, 2023-жылы 17 миң 704 эсептегич орнотулган.
Бүгүнкү күндө “КУЭТ” ААКнын филиалы Ысык-Көл электр тармактары ишканасы 12 миң 9641 кардарды электр жарыгы менен камсыз кылат. Анын ичинен 55 миң 606 кардар акылдуу эсептегич колдонот.
Акылдуу эсептегичтерди орнотуу менен абоненттерди тынчсыздандырбай эсептегичтин маалыматтарын аралыктан алуу, аралыктан өчүрүү жана күйгүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.
Энергетика тармагындагы мындай жаңылануу кадамдары эң алгач сарамжалдуулукту жана үнөмдөөнү камсыздап, кардарларды тейлөөнүн сапатын жогорулатууга багытталган.