Кыргызстанда жайыт чөптөрүнүн үрөндөрү себүү иштери башталды
24 март

Кыргызстанда жайыт чөптөрүнүн үрөндөрү себүү иштери башталды

Кыргызстанда жайыт чөптөрүнүн үрөндөрү себүү иштери башталды, деп кабарлайт Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2025-жылга карата жайыттарды жакшыртуу максатында 94 462 килограмм эспарцет үрөнү 12 миллион сомго жана 137 миң 725 килограмм жайыт чөптөрүнүн үрөндөрү 42 миллион 252 миң 337 сомго сатып алынды. Бул үрөндөр өлкөнүн ар кайсы региондоруна өз убагында жеткирилип, аймактардагы фермерлерге жана жайыт пайдалануучуларга таратылды. 

Азыркы учурда жалпы аянты 15 299 гектарды түзгөн кунарсыз жайыт жерлерин калыбына келтирүү боюнча себүү иштери кызуу улантылууда.

Бүгүнкү күнгө карата: 

  • Ош облусунда Кара-Кулжа району боюнча 175 гектар,
  • Өзгөн району боюнча 754 гектар,
  • Кара-Суу району боюнча 580 гектар,
  • Ноокат району боюнча 70 гектар,
  • Араван району боюнча 31 гектар жерге үрөн себүү иштери ийгиликтүү аяктады. 

Ал эми Жалал-Абад облусунда Ноокен районуна 900 гектар жана Сузак районуна 300 гектар аянтка себүү жумуштары жүргүзүлдү.

Жалпысынан 2 810 гектар кунарсыз жайыт жери жайыт чөптөрүнүн аралашмасы жана эспарцет үрөнү менен себилди.