Кыргызстандын аймагында бир суткада 22 өрт кырсыгы катталды
10 декабрь

Кыргызстандын аймагында бир суткада 22 өрт кырсыгы катталды

Кыргызстандын аймагында акыркы суткада 22 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 24 күжүрмөн эсеп тартылган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. 

Маалыматка ылайык, анын ичинде: 

  • Бишкек шаарында – 5;
  • Ош шаарында – 2;
  • Ош облусунда – 3;
  • Чүй облусунда – 5;
  • Жалал-Абад облусунда – 1;
  • Ысык-Көл облусунда – 2;
  • Талас облусунда – 1;
  • Баткен облусунда – 3 тилсиз жоо катталган. 

Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан эки чыгуу болду.