Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, бир адам түтүнгө ууланды
Бишкектин Токомбаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 2-кабатында электр калканынан чыккан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кырсык бүгүн, 13-июнда катталган. Тилсиз жоо саат 13:19да толугу менен өчүрүлдү.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм жана штаб тартылган.
Өрттүн кесепетинен 54 жаштагы эркек киши түтүнгө ууланып, тез жардам кызматы тарабынан биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Абалы жакшы.
