Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Санкт-Петербургга жөнөп кетти
Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Россиянын Санкт-Петербург шаарына жөнөп кетти. Бул тууралуу парламенттен кабарлашты.
Иш сапардын алкагында төрага Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) Кеңешинин отурумуна жана 58-пленардык жыйынына катышат.
Ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80-жылдыгына арналган салтанаттуу жыйында сөз сүйлөйт.
Кошумчалай кетсек, төрага Нурланбек Тургунбек уулу баштаган делегациянын курамында депутаттар Бактыбек Сыдыков, Арсланбек Малиев, Бактыяр Калпаев жана Карим Ханджеза бар.
