«Былк этпей чыдады». Камила Талиева Улан Примовдун нервине баа берди
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева «КР президентин жана ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгелеген мыйзам долбоору буга чейин комитетте талкууланганын, баяндамачылык милдетти Улан Примов аткарганын билдирди.
«Комитетте абдан кызуу талкуу болду. Урматтуу төрага, баяндамачы кылып Улан Бердибаевичти туура эле тандаган экенсиздер. Бул кишинин нерви нерв экен. Эмне деген гана сөздөр айтылбады, бир былк этпей баарына чыдап, бир адамга да орой сөз кайтарбады. Мамлекеттик кызматтарга колдоно турган жигит экен», – деди Талиева.
Аны менен катар ал Примовдун сөзүнө жаш баладай алданып калышканын да жашырган жок.
«Сунуштарды берсек эске алынабы десек, «ооба» деген болчу, биз ишенип алып, оюбуздагыны айта бериптирбиз. Көрсө, анын баары өтпөгөн сунуш экен, жөн эле убара болуптурбуз.
Эми бул мыйзам канча чырылдасак деле өтүп кетет окшойт. Ошондуктан менде шайлоочуларга кайрылуудан башка арга жок. Депутаттыкка талапкер болуу үчүн 5 жылдан кем эмес мамлекеттик жана муниципалдык иште тажрыйбасы болуш керек дедим эле. Бирок ал эске алынган жок. Мисалы, эч жерде иштебегендер бул жакка келгенден кийин кантип мыйзамдарды талдайт. Шайлоочулар, мамлекеттик кызматтарда тажрыйбасы бар, билимдүү талапкерлерди шайлаңыздар», – деди Талиева.
