Депутат шайлоо учурунда патентти жокко чыгарууну сунуштады
Депутат Арсланбек Эгембердиев Жогорку Кеңеште КР президентин жана ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүүлөр каралып жаткан учурда, үгүтчүлөрдү патент алуудан бошотууну сунуштады.
«Мыйзам боюнча үгүт иштерине бир ай гана убакыт берилет. Ошол кыска убакытта патент деген абдан тоскоолдук келтирет. Штабга, үгүтчүлөргө, баннерге патент алышың керек. Ошол маалда патент алуучулар көбөйгөндүктөн, кезекке турасың, убакытты алат. Экинчиден, кошумча чыгым. Биз азыр мыйзамдарды өзгөртүп, парламентке акчалуулар гана келип калбасын деп аракеттенип жатабыз, бирок ушул нерсени эске алган жокпуз. Акчалуу талапкерлер шайлоо учурунда 2-3 бухгалтер алып алышат дагы, алар бардык иштерди бүткөрүп, отчетторду тапшыра беришет. Ал эми акчасы жоктор ала алышпайт, анан отчеттору убагында тапшырылбай, БШКдан эскертүү келе берет. Акырында отчет менен гана жүрүп калат.
Бул башка иштерине абдан тоскоолдук жаратат. Кээ бир талапкерлер шайлоо бүткөндөн кийин да эки жумага чейин отчет тапшырышат. Экономика жана коммерция министрлигине, Мамлекеттик салык кызматына кайрылып, ушул маселени чечсек болот эле. Мамлекет деле 5 жылда бир болчу шайлоодон бюджетти толтуруп алайын дебестир. Үгүтчүлөр үчүн патент дагы талапкердин чөнтөгүнөн төлөнөт, үгүтчү «акчамды да бер, патентти да төлө» дейт. Кайра эле баары каражатка такалат», – деди Эгембердиев.
