Садыр Жапаров күйөөсү башка аял алып, 3 баласы менен көчөдө калган келиндин ишин калыс кароону тапшырды
12 октябрь

Садыр Жапаров күйөөсү башка аял алып, 3 баласы менен көчөдө калган келиндин ишин калыс кароону тапшырды

Лейлек районунун Гүлзат аттуу тургуну президент Садыр Жапаровго, Баткен шаарынын жана Баткен районунун тургундары менен жолугушуусунда жеке маселеси менен кайрылды.

Айтымында, аял учурда Бишкекте жашайт, бирок Лейлек районунда төрөлүп-өскөн. Бир нече жыл мурда күйөөсү башка аял алып алганын билген. Мындан улам 3 баласы бардыгына карабай, жубайлар эки жолго түшүшкөн. Бардык ызы-чуу аял сотко ажырашуу жана мүлк бөлүшүү арызы менен кайрылганда башталган.

“Күйөөмдүн мыйзамсыз иштери бар экен, аны жашыруу үчүн мени күнөөлөп баштады. 20 жашымда турмушка чыгып, ЗАГС күбөлүгүн алганбыз, ошол күбөлүктү жасатып алган деген жалаа жаап, “документтерди жасалмалоо” беренесине ылайыктап, мени каматууга аракет жасады. Жолдошум жеке ишкер, “Нооруз” деген ундун негиздөөчүсү”, – деди тургун.

Облустук соттун өкүлүнүн айтымында, келинге бир тууган кайниси жалаа жапкан. Анын сот залында туура эмес маалымат бергенинен улам, сот иштери келиндин күйөөсүнүн пайдасына оодарылган.

“Мен бул маселени өзүмө да жазып алдым. Силер соттор, милициялар, прокурорлор адилеттүү болушуңар керек. Өзү башка аял алып алып, анан 3 баласына үй бербей, инисине каршы көрсөтмө бердирип жаткан кантип адилеттүүлүк болсун”, – деди Садыр Жапаров.