Бишкекте бош орундардын жарманкеси өтөт, анда 5 миң бош орундар сунушталат
16 апрель

Бишкекте бош орундардын жарманкеси өтөт, анда 5 миң бош орундар сунушталат

Бишкекте 22-апрелде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде бош орундардын жарманкеси өтөт, анда 5 миң бош орундар сунушталат. Бул тууралуу  Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлайт.

Иш-чаранын максаты – жарандарды жумушка орношууга көмөктөшүү, эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, жумушсуз жарандар менен жаштар үчүн окутуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана иш менен камсыздоо, билим берүү кызматтары жөнүндө маалымат берүү.

Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ортосунда кызматташтык тууралуу Меморандумга кол коюлат. Меморандум кадрларды даярдоо, билим берүү программаларын ишке ашыруу жана жумушка орноштуруу маселелерине багытталат.

Катышуучулар жана сунуштар:

Жарманкеге 40тан ашык алдыңкы компаниялар катышат, алардын катарында:
Жарманкеге 40тан ашык компания катышат: “Coca- Cola” ЖАК, «Бишкексут» ААК,  “Баркад” ЖЧК, “Мегаком” ЖАК, “Скай Мобайл” ЖАК, “Кут строй” компаниясы, “Бай Таш Групп” ЖЧК, Элдик банк, Мбанк, Hyatt Regency Bishkek, “Кыргыз Темир Жолу” МИ, “Бишкекское пассажирское автотранспортное предприятие” МИ, “Форестер” Компаниясы  “Тазалык” МИ, “Зеленстрой” МИ ж.б. ар тармактрадын өкүлдөрү жалпысынан жарманкеде Бишкек шаары боюнча 5000ден ашуун бош орнудары сунушталат. 

Жарманкеде эмнелер күтөт:
•    Иш берүүчүлөр менен түз баарлашуу, эмгек шарттары жана талаптар тууралуу маалымат алуу, дароо арыз берүү мүмкүнчүлүгү;
•    Жумушка орношуу, кыска мөөнөттүү окутуу жана жаштардын стажировкасы боюнча консультациялар;
•    Студенттер жана бүтүрүүчүлөр үчүн стажировка жана алгачкы жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат;
•    Окуучулар үчүн кесиптик багыт берүү тесттери (кесиптик кызыгуу жана жөндөмдөрдү аныктоо максатында);
•    Мастер-класстар, кесиптик оюндар, викториналар жана башка интерактивдүү иш-чаралар.