Ош шаарында жалпы 5,5 миң батирлүү көп кабаттуу үйлөр курулууда
25 июнь

Ош шаарында жалпы 5,5 миң батирлүү көп кабаттуу үйлөр курулууда

Мамлекеттик ипотекалык компаниясы Ош шаарынын аймагында жалпы 73 блоктон турган 5500гө жакын батирден турган турак жайларды курууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты. 

Алсак 12 кабаттуу Асман резиденс № 1 турак жай комплекси Курманжан датка жана Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде 2 гектарга жакын жерге 8 блоктон турган 543 батир салынууда.

Ал эми “Асман резиденс №2” турак жай комплекси Мамырова көчөсүндө жайгашып, 12 кабаттан турат. Жер аянты 11 гектар болуп эң көп 56 блоктон туруп, 4032 батирлүү болуп бүтүүдө.

Дагы бир курулуш “Асман резиденс №3” турак жай комплекси Алиев көчөсүнө 9 блоктон турган 18 кабаттуу 864 батирлүү үйлөр жалпы жер аянты 1 гектар 30 сотых жерге курулууда.