Бишкек – Кант – Токмок унаа жолун оңдоо иштери башталды
24 март

Бишкек – Кант – Токмок унаа жолун оңдоо иштери башталды

Бишкек – Кант – Токмок унаа жолун оңдоо иштери башталды, деп кабарлайт Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы.

Билдирүүгө ылайык, азыркы тапта жолдун 5-200-чакырым жана 9-050-чакырым аралыгында (Лебединовкадан Новопокровкага чейинки бөлүгү) жер жумуштары башталды.

Аны менен катар жер иштерине даярдык көрүлүп, курулушка тоскоол болгон айрым объектилер алынып жатат. Тагыраагы, 3,85 чакырымга созулган жолдун бул бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери жүрөт.

«Алдыда Бишкек – Кант – Токмок унаа жолу этап-этабы менен оңдолот. Учурда аталган унаа жолдун 14,5 км (9,05-23,55 чакырымдар аралыгын) долборлоо иштери жүрүп жатат», – деп айтылат маалыматта. 

Белгилей кетсек, Бишкек – Кант – Токмок жолунун жалпы 18 чакырымына асфальт төшөө пландалууда. Долбоордо көпүрөнү оңдоо, эки тарабынан тротуар, унаа токтотуучу жай жана башка иштер каралган.